Депутат Казакстанда түрмөдө камалып жаткан кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Казакстанда камакка алынган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселесин көтөрдү.

Түлөбаев ишкер июнь айынан бери камакта жатат, анын тагдыры эмне болду деп өкмөттөн сурады.

“Бизде омбудсмен барбы? Алар бир карап, айтып берсе, протоколдук тапшырма бериш керек”, - деди депутат.

Эске салсак, июнь айында “Бишкек - Алматы” жолунда “Алтын Орда” базарынын жетекчисинин орун басары Эрмек Маркабаев кармалган. Полициянын айтымында, анын чөнтөгүндө баңгизат табылган.