Бишкектин мэриясы жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынгандыктан, мэрия жүргүнчүлөргө «Тулпар» картасын сатып алууну сунуштады.

Маалыматка ылайык, жарандар төмөнкү жолдор менен төлөй алышат:

• үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

• Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

• виртуалдуу NFC картасы;

• Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

• Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.