Ысык-Көлдө 364 чакырым электр зымдар жаңыланат

Ысык-Көл облусунда эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырылып, реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.

Учурда Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Түп районунун Балбай, Түп, Сары-Тологой айылдарында, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында СИП зымдыран орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Алдыда Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда СИП зымдарын орнотуу иштери башталат. Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 364 чакырым СИП зымдары орнотулат.  Бүгүнкү күндө 122 чакырым СИП Зымдары орнотулуп бүттү.

Алдыда 242 чакырым СИП зымдарын ушул жылдын ноябрь айына чейин орнотуп бутуу пландалууда:

• Каракол шаары – 59.7 чакырым;

• Чолпон-Ата шаары – 36.3 чакырым;

• Балыкчы шаары – 26 чакырым;

• Тоң району – 20 чакырым;

• Ак-Суу району – 30 чакырым;

• Жети-Өгүз – 25 чакырым;

• Түп району – 45 чакырым.