19 миңден ашык жаран мүлктөрүнүн кызыл китебин алышты

Кыргызстан боюнча 2023-жылдын 14-сентябрына карата 130 миң арыз кабыл алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ошондой эле жарандарга 19 миңден ашык техникалык паспорттор жана 24.6 миң жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди.

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан төмөнкү максаттар үчүн которууга (трансформациялоого) даярдалган:

• калктуу конуштарга – 984.7 га;

• логистикалык борборлорго – 25.04 га;

• өнөр жай жана башка объектилерге – 70.89 га.