> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги: Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу мүмкүн эмес
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/15/enierghietika-ministrlighi-bishkiektie-kara-kiechienin-komurun-koldonuugha-tyiuu-saluu-mumkun-emies/
- Published: 2023-09-15T07:10:11.000Z
- Updated: 2023-09-15T07:10:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу ЖКнын «Ишеним» фракциясынын отурумунда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.**

Анын айтымында, баш калаада көмүрдүн 70% Кара-Кечеден алынып келет. Ал көмүрдүн кубаттулугу 4.5 миң калория болгондуктан тиешелүү кызматтар аны колдонууга уруксат берген.

> «Казакстан Бишкекти көмүр менен толугу менен камсыздай албайт. Ошондуктан кийинки жумадан баштап Кара-Кеченин көмүрү массалык түрдө жеткирилет. Баасы 4.5-5 миң сомду түзөт», - деп министр түшүндүрдү.