Энергетика министрлиги: Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу мүмкүн эмес

Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу ЖКнын «Ишеним» фракциясынын отурумунда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, баш калаада көмүрдүн 70% Кара-Кечеден алынып келет. Ал көмүрдүн кубаттулугу 4.5 миң калория болгондуктан тиешелүү кызматтар аны колдонууга уруксат берген.

«Казакстан Бишкекти көмүр менен толугу менен камсыздай албайт. Ошондуктан кийинки жумадан баштап Кара-Кеченин көмүрү массалык түрдө жеткирилет. Баасы 4.5-5 миң сомду түзөт», - деп министр түшүндүрдү.