Шайлообек Атазов айланма жолду көмүр сатуудан бошотуну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Транспорт министрлигинен «Дордойдун» жанындагы айланма жолду соода түйүндөрүнөн тазалоону талап кылууда. Бул тууралуу «Мекенчил» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ага «Ак-Бата» жана «Эне-Сай» аймактарынын жашоочуларынан көп арыздар түшүүдө.

«Дордой» базары аркылуу өтүп, Ысык-Көлгө кетүүчү трасса Транспорт министрлигинин жолубу же көмүр, таш базары болуп калдыбы? Жолду качан тазалайсыз? – деп сурады Атазов.

Министр Тилек Текебаевдин айтымында, 200 соода объектине тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Азыр ведомство аларды алып салууга уруксат берүүчү документтерди күтүп жатат.