Жалал-Абадда газга карызы бар абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылууда

«Газпром Кыргызстан» ЖчКнын «Жалалабатгаз» филиалы тарабынан газга болгон карызын төлөбөгөн  абоненттердин  газ түтүкчөлөрү кыркылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, газга болгон төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөгөн учурда бир ай эскертүү берилет. Ошол аралыкта да төлөбөй кечиктирип жүрө бергендерге туум кошулат. Ал эми жогорудагы эки мүмкүнчүлүк берилген учурда дагы төлөбөй жүргөн абоненттердин газ түтүкчөлөрү кыркылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин карызы бар 200 гө жакын абонент бар.