Депутаттар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөөдө туумду алып салууну колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «КР айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР кодексине, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын эксплуатациялоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу жол-жоболорун бузуулар үчүн айыптарды төлөөдө туумдарды жоюуга багытталган.

Ички иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдун чогултулушу 80%дан ашты.