> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга түз аба каттамдарын ачууну пландап жатат
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/19/kyrghyzstan-ozbiekstan-kytai-ieghipiet-zhana-vietnamgha-tuz-aba-kattamdaryn-achuunu-plandap-zhatat/
- Published: 2023-09-19T07:05:57.000Z
- Updated: 2023-09-19T07:05:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында “МЭА” коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди.**

Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх (Египет) – Бишкек мезгилдик чартердик рейси ачылат. Авиакаттам кыш мезгилинде созулат. Ошондой эле Нячанг – Бишкек (Вьетнам) каттамы ачылат.

Ошондой эле, Ош – Ташкент, Ош – Урумчи, Бишкек – Чэнду аба каттамдарын ачуу пландалууда.

> "Ош – Ташкент рейси ачылышы мүмкүн, учурда аталган маселе иштелүүдө. Тарыхта буга чейин мындай каттам болгон эмес. Учурда уруксат документтерин алуу стадиясындабыз", - деди Тимур Аралбаев.