Экономика министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1 500 сом деп бекитти

Экономика министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1 500 сом деп бекитти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Такталгандай, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республика боюнча социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларына апта сайын талдоо-мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде 1-2 сорттогу ун бааларынын облусттардагы орточо баалары төмөндөгүдөй:

Ош шаарында:

  1. сорт 50кг – 1 700 – 1 900 сом;
  2. сорт 50кг – 1 400 – 1 700 сом.

Ош облусу боюнча:

  1. сорт – 1 650 – 1 900 сом;
  2. сорт – 1 500 сом.

Баткенде:

  1. сорт – 50 кг – 1 700 – 1 900 сом;
  2. сорт – 50 кг – 1 400 – 1 700 сом.

Нарында:

  1. сорт – 1 700 – 2 100 сом;
  2. сорт – 1 400 – 1 700 сом.

Жалал-Абад шаарында:

  1. сорт 1500-1750 сом;
  2. сорт 1100-1350 сом.

Каракол шаарында:

  1. сорт 45 кг 1400-1450 сом;
  2. сорт 45 кг 1100-1200 сом.

Таласта:

  1. сорт 1725-1750 сом;
  2. сорт 1375 сом.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев, учурда Ата мекендик ундун 1 мешогу 1400-1500 сомдон сатылып жатканын, баасы көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын Республика боюнча 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканы маалым болду.