Кыргызстанда ун тартыштыгы жок – Антимонополия

20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Кызмат билдиргендей, Кыргызстанда ун тартыштыгы жок. Ошондой эле, жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкенин даректери:

• “Дордой моторс” базары;

• “Ош” базары;

• “Аламедин” базары болжол “Табылга” соода борборунун аялдамасы;

• “Ортосай” базары болжол “Оберон” бөлүмүнүн кире бериши;

• “Дордой фут” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесинде ата мекендик ундардын баалары:

• жогорку сорт – 1 860 сом;

• 1 сорт – 1 500 сом;

• 2-сорт – 1 125 сом.