Кыргызстанга бажы төлөмсүз эки Lexus алып келингени аныкталды – бюджетке 4.3 млн сомдук зыян келтирилген

Бажычылар жасалма документ менен автоунааларды алып келүү фактыларын аныкташты. Келтирилген зыяндын суммасы 4.3 млн сомдон ашкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2006-жылы жана 2007-жылы чыгарылган «Lexus GX 470» үлгүсүндөгү автоунааларга бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу эки фактысы аныкталган.

“Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бул унаалар үчүн Беларусь Республикасынын автотранспорт каражаттарын каттоо тууралуу жасалма күбөлүктөрү даярдалганы аныкталган. Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматы боюнча, жогоруда аталган унааларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес”, - деп мекеме белгиледи.

Чогутулган материалдар мыйзамдарга ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Учурда кызмат тарабынан КР нын аймагына мыйзамсыз алынып келинген жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинде баштапкы каттоого коюлган башка автотранспорт каражаттарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.