Кытай Кыргызстанга 38 атайын автотехниканы берди

Кытай Кыргызстанга 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана берди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мобилдик госпиталдар өзгөчө кырдаалда жабыркандарга жеринде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат.

Унааларды берүү келишими өткөн жылы Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин ортосунда Самаркандда өткөн саммитте түзүлгөн болчу.