Салык кызматы FORM STI-161 отчетун тапшырууда жаралган көйгөйлөрдүн себебин түшүндүрдү

Салык төлөөчүлөр акыркы эки күндүн ичинде киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161) толтуруу жана берүү боюнча убактылуу көйгөйлөргө дуушар болушту. Бул тууралуу Салык кызматынан басма сөз кызматы билдирди.

«Бул көйгөй Социалдык фонд тарабынан келип чыккан техникалык мүчүлүштүктөн улам жаралды, анткени STI-161 отчетун толтуруу үчүн каттоо маалыматтары Соцфонддун маалымат базасынан автоматтык түрдө түшөт», - деп түшүндүрүштү мекемеден.

Салык кызматы кырдаалды тез арада чечүү жана STI-161 отчетун берүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо жана Социалдык фонд менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.