> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги 20 сомдук буудайды элге 62 сомдон саткан – Тазабек Икрамов
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/21/aiyl-charba-ministrlighi-20-somduk-buudaidy-elghie-62-somdon-satkan-tazabiek-ikramov/
- Published: 2023-09-21T06:45:02.000Z
- Updated: 2023-09-21T06:45:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусунундагы Сузак районунун дыйкандары Айыл чарба министрлиги аркылуу насыя дан буудайларды сатып алып, өндүргөн продукциясын сата албай жатыша. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.**

Анын айтымында, ал продукцияны Матрезерв кайра сатып алмак, бирок иш жүзүндө ал убада ишке ашырылган эмес.

> “Айыл чарба министрлиги 20 сомдук буудайды элге 62 сомдон сатышкан. Бул деген өз элин тоноо. Ачык эле тоноо. Мамлекеттик мекемелердин элге болгон чыккынчылыгы. Эми, кредит алган дыйкандардын тагдыры эмне болот?”, - деп депутат суроо берди.

Икрамов бул факты боюнча тез арада териштирүү жүргүзүп, Айыл чарба министрлиги тез арада дыйкандарга барып жолугушуп жана алардын чыгымынын ордун толуктасын деп талап кылды.