Айыл чарба министрлиги 20 сомдук буудайды элге 62 сомдон саткан – Тазабек Икрамов

Жалал-Абад облусунундагы Сузак районунун дыйкандары Айыл чарба министрлиги аркылуу насыя дан буудайларды сатып алып, өндүргөн продукциясын сата албай жатыша. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, ал продукцияны Матрезерв кайра сатып алмак, бирок иш жүзүндө ал убада ишке ашырылган эмес.

“Айыл чарба министрлиги 20 сомдук буудайды элге 62 сомдон сатышкан. Бул деген өз элин тоноо. Ачык эле тоноо. Мамлекеттик мекемелердин элге болгон чыккынчылыгы. Эми, кредит алган дыйкандардын тагдыры эмне болот?”, - деп депутат суроо берди.

Икрамов бул факты боюнча тез арада териштирүү жүргүзүп, Айыл чарба министрлиги тез арада дыйкандарга барып жолугушуп жана алардын чыгымынын ордун толуктасын деп талап кылды.