Кара-Суудагы 480 орунга ылайыкташкан мектепте 1 620 бала окуйт – депутат

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы мектеп урайын деп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев билдирди.

Анын айтымында, жаңы мектеп салууга каражат бөлүнбөй жатат. Ошондой эле 480 орунга ылайыкташкан мектепте 1 620 бала окуп жатат. Бүгүнкү күндө окуучулар үч нөөмөт менен бир класста 40-50дөн отурат.

"Бул мектеп Оштон алыс, кыргыз жана орус тилдүү мектеп болгондуктан муктаждык аябай көп. Муну 2024-жылкы бюджетке киргизип, жок дегенде кошумча корпус болсо да башташ керек", — деди Козуев.