> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2023-2027-жылдары тоолуу региондорду өнүктүрүү долбоору бекитилди
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/21/kyrghyzstanda-2023-2027-zhyldary-tooluu-rieghiondordu-onukturuu-dolbooru-biekitildi/
- Published: 2023-09-21T08:15:10.000Z
- Updated: 2023-09-21T08:15:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.** 

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана КРнын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган № A/RES/77/172 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы менен менен жарыяланган 2023-2027-жылдары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү максатында, КРнын Конституциясынын 71-беренесине ылайык: 

• КРда 2023-2027-жылдар мезгили тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды;

• тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү; 

• Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич КРнын президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. 

• Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.