Кыргызстанда 2023-2027-жылдары тоолуу региондорду өнүктүрүү долбоору бекитилди

Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана КРнын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган № A/RES/77/172 “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясы менен менен жарыяланган 2023-2027-жылдары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын өткөрүү максатында, КРнын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

• КРда 2023-2027-жылдар мезгили тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланды;

• тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү;

• Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич КРнын президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

• Тышкы иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгуу жана министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.