ӨКМ Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштерин өткөрүүдө

Чолпон-Ата шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сел сууларын тазалоого ӨКМдин 25 куткаруучусу, Жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам, атайын техникалар тартылган.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районунда катуу сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган.