2023-жылы 19.8 миң га жер тилкеси трансформацияланды

2023-жылы республика боюнча Министрлер кабинетинин токтомдору менен 19 860 га жер тилкеси трансформацияланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, төмөнкү тилкелер трансформацияланган:

• калктуу конушка – 200 га;

• логистикалык борборлорго – 3.42 га;

• чек аралык заставага – 200 га;

• тоо-кен тармагына инвестициялоого – 19.3 миң га;

• пляждык зонага – 14.8 га;

• дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине – 46.13 га.