Айыл чарба министрлиги: Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок

Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат.

Ошондой эле, ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

· «Ош» базары;

· “Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы);

· “Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши);

· “Дордой фуд” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

· жогорку сорт — 1 860 сом;

· 1-сорт — 1 500 сом;

· 2-сорт — 1 125 сом.

Айыл чарба министрлиги тарабынан 2023-2027-жылдарга КРнын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө бул программа бекитүү үчүн министрлер кабинетинин кароосуна киргизилген.