Айланма жолдо мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майлар алынды - көлөмү 2.2 тонна

Айланма жолдо мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга айып салынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук милициясы Салык кызматы менен биргеликте жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү май саткан жарандарга карата рейд жүргүздү.

Жыйынтыгында эч кандай коопсуздук эрежелерин сактабай Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда желим бөтөлкөлөргө күйүүчү май куюп, мыйзамсыз сатып жаткан 5 жаранга 3 миң сомдон айып салынып, жалпы 2 тонна 200 литр күйүүчү май алынды.