> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимди өкмөттөн 7 миң доллар менен сыйлады
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/22/el-aralyk-olimpiadagha-okuuchulardy-daiardaghan-mughalimdi-okmotton-7-min-dollar-mienien-syilady/
- Published: 2023-09-22T08:21:42.000Z
- Updated: 2023-09-22T08:22:02.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Такталгандай, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң долларлык сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларлык сертификаты жана коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң долларлык сертификаттар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Зегед шаарында (Венгрия) информатика боюнча 35 эл аралык олимпиада (35th IOI 2023 Венгрия) өткөн. Ага Кыргызстандан: Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов, Алихан Айдарбеков, Байтөрө Майрамбековдор катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар биринчи күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/650d386d58d32.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/650d386d77353.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/650d386e16bfd.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/650d386e51c47-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/650d386f877c7.jpeg)