Эл аралык олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимди өкмөттөн 7 миң доллар менен сыйлады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң долларлык сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларлык сертификаты жана коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң долларлык сертификаттар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Зегед шаарында (Венгрия) информатика боюнча 35 эл аралык олимпиада (35th IOI 2023 Венгрия) өткөн. Ага Кыргызстандан: Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов, Алихан Айдарбеков, Байтөрө Майрамбековдор катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар биринчи күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.