Электр тармактары ишканаларына 40 жаңы атайын техника тапшырылды

Бүгүн 22-сентябрда, Чүй электр тармактар ишканасынын базасында энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын электр тармактар ишканаларына жаңы атайын техникалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга капиталдык курулуш планына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААК 4 автовышка АГП ISUZU сатып алган. Алардын ичинен телескопиялык унаалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

• автовошка 22 м. 1 бирдик – Ош ЭТИ;

• автовышка 18 м. 3 бирдик – Жалал-Абад ЭТИ, Нарын ЭТИ, Ысык-Көл ЭТИ.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды тапшырып жатып, энергетика тутумунда калкты электр энергиясы менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.