«Манастагы» дүкөндө декларацияланбаган товарларды тапты – бюджетке 18.7 млн сомго зыян келтирилди

«Манас» бажысынын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун учуу аймагында жайгашкан «Э.С.В. Дьютифри» ЖЧКнын алымсыз соода дүкөнүн текшерүү учурунда бажылык тариздөөдөн өтпөгөн товарларды аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

2022-жылдын ноябрынан баштап «Э.С.В. Дьютифри» ЖЧК алымсыз соода дүкөнү 107 954 даана көлөмүндө товарларына карата (алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарды жана тамак-аш азыктарынын ассортиментин) алымсыз соода  процедурасы боюнча (ИМ-96) жол-жоболоштуруу жүргүздү.

Бирок, аталган ЖЧКнын кеңсесинде жана кампасында жайгашкан тамеки жана алкоголдук продукциянын калган товарларын жана башка товарларды инвентаризациялоонун жыйынтыгында бажы шартында таризделбеген көп сандагы товарлар аныкталган.

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейинки мезгилде бажы органына товарлардын декларациясынын жок номерлерин көрсөтүү менен бир катар отчетторду берип, муну менен атайылап жалган маалыматтарды берген.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 18.7 млн сомду түзгөн. Чогултуган материалдар КБР АДС МКЖга катталып, негизи боюнча кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.