Баткенде кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Дареги, иштөө убактысы

Баткенде чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин демилгеси менен “Элден элге жардам” кайрымдуулук дүкөнү ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүкөндө негизинен муктаждарга акысыз азык түлүктөр берилет. Баткен шаарынын тургундары Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надировдордун демилгеси Россияда иштеген кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болгон. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын эсеп ачып, ай сайын акча каражатын которуп турууну макулдашкан.

Топтолгон каражатка турмуш тиричиликке керектелүүчү негизги азык түлүктөр алынып, дүкөнгө коюлат. Мекендештердин демилгесин учурда Америка Кошмо Штаттарында эмгектенген мекендештер, жергиликтүү колунда бар тургундар да колдоого алып,  жардам берүүнү каалаган жарандардын катары көбөйүүдө.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жалгыз бой жардамга муктаж энелер, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр келип азык түлүк алып кетсе болот.

Дүкөн ачылгандан бери 200 адамга жардам көрсөткөн. Дүкөн жуманын дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Дареги Самат Сыдыков көчөсү. Жардам алууну жана жардам берүүнү каалагандар +79629530231 WhatsApp номуруна, Шарапат Сулаймановага байланышса болот.