Таласта 450 орундук мектептин курулушу аяктап калды – Мамкурулуш

Талас облусунун Талас районундагы Арал айылындагы Нанаев атындагы орто мектептин негизги курулуш жумуштары бүткөрүлүүдө. Бул тууралууу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Такталгандай, азыркы учурда айлана тегерегин  көрктөндүрүү  иштери жүрүп жатат.

Мектеп 450 орунга ылайыкталып, учурда окуучулар үчүн эмеректер алынып, коюлууда. Курулуш иштери 2015-жылы башталган,  подряддык уюму «Алтай Строй" ЖЧКсы.