Ноокатта эки жыл мурун башталган мектептин курулушу быйыл бүтөт – Мамкурулуш

Ош облусундагы Ноокат районунун Кургак-Тектир айылындагы 190 орундуу мектептин курулушун үстүбүздөгү жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Аталган мектептин курулуш иштери 2021-жылы башталган. Учурда окуу корпусу, спорттук залы бүткөрүлүп, ичинин жасалгалоосу жүргүзүлүп жатат.

Андан тышкары откана, таштанды таштоочу жай, кампа, сырткы дааратканасы курулуп бүттү.

Мектептин тегерегинин көрктөндүрүү-жашылдандыру жумуштары аткарылууда.