Талас шаарында ун баалары туруктуу – Антимонополия

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү 2023-жылдын 25 – сентябрь күнү Таластын борбордук базарларда жана соода түйүндөрүндөрдөгү социалдык маанидеги товарларга, анын ичинде унга жана нанга болгон бааларга мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 2023 – жылдын 14-сентябрынан тарта, Талас облусунда Казакстан Республикасынан ташылып келинүүчү ундун баасы жогорулагандыгы байкалган. Ушуга байланыштуу жергиликтүү айрым набайканаларда нандын баасы 2 сомго кымбаттаганы аныкталды.  Набайчылардын айтымында, жергиликтүү ундун илешкек жөндөмү төмөн келип, тандырга колдонууга жараксыз болуп импорттук унду колдонууга туура келет.

Учурда Талас гаарында ундун запастарына таңкыстык жок. Ун сатылуучу чекене соода жайларында ун жетиштүү көлөмдө.

Белгилей кетсек, Талас облусунун калкынын көпчүлүк пайызы Казахстан уну менен камсыз болушат. Талас облусунда буудайды кайра иштеп чыгуучу тегирмендер жоктугуна байланыштуу, ундар Бишкек жана Тараз шаарынан (Казахстан) ишкерлер тарабынан алынып келинет.

Талас облустук бөлүм тарабынан ишкерлик субъектилерине ундун жана нандын бааларын негизсиз көтөрбөө жана атаандаштык чөйрөсүндө тең салмактуулукту сактоо тууралуу превентивдүү иштер уланууда.