Туризм фонду дагы төрт популярдуу экологиялык жолду белгиледи

Туризм фонду дагы төрт популярдуу экологиялык жолду белгиледи. Бул тууралуу Туризм фонду билдирди.

Такталгандай, жалпысынан – Кыргызстан боюнча жыйырмадан ашык экожолдор белгиленди.

Кыргызстандын дагы төрт экологиялык жолунда ыңгайлуу навигация жана белгилер пайда болду. Алардын бардыгы туристтер арасында абдан популярдуу жана ар кандай деңгээлдеги кыйынчылыктарга ээ.

«Бул жолу эң татаал орнотуу болду: 30 километрден ашык жөө жүрүп, жол  жаан-чачын, тайгак таштар, дарыяларды кечүү менен коштолот. Толук маалымат жана 6 белги коюлган стендди орноттук. Жол боёктун тактары менен белгиленген», - деди долбоордун жетекчиси Денис Будило.

Эске сала кетсек, Туризм фонду буга чейин жыйырмадан ашык эко-тректерди белгилеген.