Үйдөн чыкпай Tunduk тиркемесине кантип онлайн катталса болот – кыскача нускама

Санариптик өнүктүрүү министрлиги үййдөн чыкпастан Tunduk тиркемесине онлайн каттала алганга мүмкүн берди.

Министрликтин нускасына ылайык, Tunduk мобилдик тиркемесинде булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) онлайн алуу менен катталууга мүмкүн:

• Тиркемени жүктөп алыңыз.

• Кириңиз жана “Катталган жоксузбу?” дегенди тандаңыз.

• Керектүү маалыматты толтуруңуз (ИЖН, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)

• Бирдиктүү идентификация системасында каттоого макулдугуңузду бериңиз.

• Талапка ылайык сүрөттү кошуңуз.

• Сүрөткө түшүп, ырастаңыз.

• “Каттоо” баскычын басыңыз.

• Куттуктайбыз! Сиз БЭКти алдыңыз!

• Келишимди көрүү үчүн “OK” баскычын басыңыз.

• Макулдашууну бөлүшсө болот (жогорку жактагы “Бөлүш” баскычы), ылдый жактагы “OK” баскычын басканда, авторизация барагына өтөсүз.

Долбоор өлкөнү санариптик трансформациялоонун алкагында ишке ашырылууда.