Бишкектин айдоочуларына коомдук транспорттор үчүн бөлүнгөн тилкелерде жүрүүгө уруксат берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын жакында борбор калаанын айдоочуларына саат 20:00дөн 07:00гө чейин коомдук транспорттор үчүн атайын бөлүнгөн тилкелерде (сары) жүрүүгө уруксат берилерин маалымдайт.

Учурда тиешелүү жол белгилери даярдалууда, анын ичинде 8.5.4 белгиси, ал белги жарактуу болгон сутканын убактысын көрсөтөт, андан кийин орнотуу иштери башталат, жалпысынан бул иштер эки жумага созулат.

Белгилей кетсек, кийинки жумадан тарта Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү атайын тилкеде жол иштери башталат. Атайын тилкелер ушул аймактарда пайда болуп, үч тилкеге бөлүнөт: алардын экөө бардык транспорт үчүн, бирөө коомдук транспорт үчүн.

Ошондой эле, кечээ шаардык  муниципалитетте ЭКО таксилеринин биринчи партиясы тартууланганын кошумчалайбыз. Бул долбоор Бишкекте экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга   мүмкүндүк берет, мындан тышкары, таксилер коомдук транспорт менен бирге сары тилкеде жүрө алат.