Кара-Суу районунда 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчаны куруу иштери 2022-жылы башталган. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата 705 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду.

Бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүүчү бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет бар. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары курулду.