“Аламүдүн” базарынындагы жарнама конструкцияларын алынды

“Аламүдүн” базарынын айланасында жарнама конструкцияларын алуу иштерин жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Такталгандай, иштерди Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын, Свердлов районунун акимиатынын, №18 МАБдын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери өткөрүштү.

Иштин жүрүшүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен соода объектилеринин 21 чатыры демонтаждалган. Ошондой эле, 82 баннер алынды. Мындан тышкары, муниципалдык аймакты туура эмес пайдалануу жана уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу боюнча 3 протокол түзүлдү.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну   тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.