Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алганы үчүн жумуштан алынды

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.

Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу  Жумаев Султанбек, №36 каттамдын айдоочусу Керимбаев Макен, №195 каттамдын айдоочусу  Мамбетов Дөөтгүл каттамдан алынды.

Жүргүнчүлөр жол кире акысын накталай алган айдоочулар тууралуу  фото, видео фактыларды ишкананын 0709572707 вотсап номерине  жөнөтсө болот.

Эске салсак, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

• Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

• виртуалдуу NFC картасы;

• Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

• Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.