Бишкектин мэриясы айланма жолдо көмүр соодасын иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө

Бишкектин мэриясы айланма жолдо көмүр соодасын иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын 26-сентябрында Транспорт  министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Бишкек электр тармактар ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниицпалдык инспекциясынын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын № 21 МАБнын  өкүлдөрү менен айланма жолдун  айланасын текшерип, көмүр сатууну иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада сатуучуларга карата 7 протокол түзүлдү:

• муниципалдык администрация жана № 21 МАБ тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 179-берененин 1-бөлүгү жана 434-берене менен жалпы 18 миң сомго 6 протокол түзүлдү;

• Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниицпалдык инспекциясы тарабынан “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 115-берененин 2-бөлүгү менен 7.5 миң сомго 1 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, көмүр сатуу менен алектенген жарандарга баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө, санитардык нормаларды сактоо жана тегерек-четтин тазалыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.