«Чакан ГЭСинде» rүз-кыш мезгилине дайындануу иштери аяктап калды

Аламүдүн-5 гидроэлектростанциясынын 35 кВ чыңалуусундагы “ДСУ” аба электр чубалгысынын өчүргүчүндө жана 35 кВ чыңалуусундагы “ДСУ” аба электр чубалгысынын ажыраткычында утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Энергетиктер иш ордунан төмөнкү иштерди аткарышты:

• өчүргүчтөгү изоляциянын каршылыгын өлчөө максатында электр ченөө жүргүзүү;

• изоляцияны профилактикалык сыноо;

• РКжАны текшерүү жана тестирлөө;

• порталдарды сырдоо;  

• контакттык байланыштарды жана ажыраткычтарды тазалоо;

• изоляторлорду чаңдан тазалоо;

• фазаларды маркировкалоо (боё).

Ишти алып барууга «Чакан ГЭС» ААКнын жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика кызматы, электр техникалык участогу тартылды.