> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эко-автобустар үчүн баш калаанын Калыс-Ордо конушунда токтоочу жай курулат
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/28/eko-avtobustar-uchun-bash-kalaanyn-kalys-ordo-konushunda-toktoochu-zhai-kurulat/
- Published: 2023-09-28T11:00:27.000Z
- Updated: 2023-09-28T11:00:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбор калаада эко-автобустар үчүн токтоочу жай курулат. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.**

Жаратылыш газы менен жүрүүчү жаңы автобустарды ишке киргизүүнүн алкагында Калыс-Ордо конушундагы акыркы №50 автобус каттамын өнүктүрүү пландалууда.

Бул максатта Биринчи май райондук акимчилигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан комиссиялык иш-чара өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 10 эко-автобус бата турган аймакка баа берүү, ошондой эле майда оңдоо иштери жана айдоочулар үчүн даараткана куруу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо конушундагы 112 жана 15 көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул тилкеге №173 маршруттук каттамынын акыркы токтоочу жери болгон.

Маалымат: Калыс-Ордо конушу 2003-жылы негизделген, аянты 135,0 га, калкы 8911 адамды түзөт. №86 жалпы билим берүү уюму, врачтык амбулатория бар, учурда мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп жатат, ошондой эле ичүүчү суу үчүн скважина бургулоо иштери улантылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/1695878932-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/09/1695878936.jpg)