Эко-автобустар үчүн баш калаанын Калыс-Ордо конушунда токтоочу жай курулат

Борбор калаада эко-автобустар үчүн токтоочу жай курулат. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Жаратылыш газы менен жүрүүчү жаңы автобустарды ишке киргизүүнүн алкагында Калыс-Ордо конушундагы акыркы №50 автобус каттамын өнүктүрүү пландалууда.

Бул максатта Биринчи май райондук акимчилигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тарабынан комиссиялык иш-чара өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 10 эко-автобус бата турган аймакка баа берүү, ошондой эле майда оңдоо иштери жана айдоочулар үчүн даараткана куруу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо конушундагы 112 жана 15 көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул тилкеге №173 маршруттук каттамынын акыркы токтоочу жери болгон.

Маалымат: Калыс-Ордо конушу 2003-жылы негизделген, аянты 135,0 га, калкы 8911 адамды түзөт. №86 жалпы билим берүү уюму, врачтык амбулатория бар, учурда мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп жатат, ошондой эле ичүүчү суу үчүн скважина бургулоо иштери улантылууда.