Кашка-Суу айылында сугат айдоо жер тилкесине эс алуу жайы курулуп жатканы аныкталды

Кашка-Суу айылында сугат айдоо жер тилкесине эс алуу жайы курулуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылынын мамлекеттик Ала-Арча жолунун оң жээгиндеги 0.99 га сугат айдоо жер тилкесине Ш. К. аттуу жаран тарабынан айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө мыйзамын бузуу менен “Санат” эс алуу жайын куруу иштери жүргүзүлүп жаткан.

Аталган факты боюнча материал Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБге жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, республика боюнча 8 ай аралыгында жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу жана айыл чарба жерлерин мыйзамсыз пайдалануу боюнча 92 факты аныкталып, Ички шштер министрлигине өткөрүлүп берилди.