“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду

“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 11 километри курулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИсы маалымдайт.

Такталгандай, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн.  Жумуштар толугу менен «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

2023-жылга 15 км курулушу пландалып, анын ичинен 11 км төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү, калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.