Кыргызстанга 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

“Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Учурда УКМК тарабынан КБР катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын жана Бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.