«Интернет коому» ОшМУну Борбор Азиядагы санариптик борборго айлантууга жардам берет

«Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов ОшМУнун жетекчилиги менен жолугуп. Бул тууралуу окуу жай билдириди.

Жолугушууда ректор Кудайберди Кожобеков "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү” коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол койду.

Меморандумга ылайык ОшМУ Борбор Азиядагы санариптик борборго айланат. Ал үчүн биринчи кадамда ОшМУнун базасында интернет алмашуу жабдуусу (коммунтатор) орнотулат.

“Бул жабдуу колдонууга берилгенде Оштогу иштеп жаткан интернет провайдерлер жана билим берүү мекемелери чогуу кызматташып башташат. ОшМУдагы жабдуунун алкагында Ош облусунун, Ош шаарынын ичинде интернеттин сапаты жогорулап, баасы да бир топ арзандайт. Келечекте Борбор Азияда бул иштер санариптик багытта өзүнүн жардамын тийгизет. Анткени мындай интернет алмашуу пункттары Борбор Азияда көп эмес, алардын көпчүлүгү коммерциялык багытта, ал эми ОшМУ менен жасалып жаткан иштер коммерциялык эмес багытта ишке ашат”,-деди "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү” коомдук бирикмесинин төрагасы Талант Султанов.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университет учурда “Өзгөчө статус” алган окуу жай катары жаңы демилгелерди колдоого ачык экендигин белгиледи. Ошондой эле окуу жайда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү багытындагы иштер, долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Меморандумдун алкагында ОшМУнун базасында компьютердик жана санариптик сабаттуулук боюнча тренерлер даярдалат. Даярдалган тренерлер Ош облусунун аймагындагы айыл жерлеринде билимдери менен бөлүшүп, санариптик экономикага салымдарын кошушат.