Нарын электр тармактар ишканасы кышкы мезгилге даярданууда

Нарын электр тармактар ишканасы кышкы мезгилге даярданууда. Жаз айынан башталган оңдоп-түзөө иштери дагы да уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурдагы жана накталап оңдоо иштеринин жыйынтыгы 8 айга 35 кВ жогору 42 көмөк чордон оңдоого берилсе бүгүнкү күндө  толугу менен оңдолду.

Ал эми 35 кВ жогору аба чубалгылары 8 айга  1745,4 км берилип, толугу менен оңдоодон өтүп, 100%  план аткарылды.

10/0,4 кВ көмөк чордондорунан 8 айга 342 даана пландалса, 335 даана толук бүткөрүлүп, 98% аткарылды.

Ошондой эле 10/0,4 кВ аба чубалгылары 557,2 мерчемделсе, бүгүнкү күндө 550,1 км бүтүп, 98,7 % аткарылды.