Дастанбек Джумабеков Манас районунундагы башталгыч мектепке авто унаа тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Джумабеков “Ак-эмгегим элиме” программасынын алкагында Манас районундагы Сөгөт айылында “Сөгөт” атындагы башталгыч мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто унаасын белек кылды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Такталгандай, бул демилге жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына жооп болду, анткени буга чейин окуучулар коңшу айылдын мектептерине күн сайын 6 км жөө басып барууга мажбур болушкан.

Жергиликтүүлөр жаңы унаа окуучуларды жамгырдан сактап, чыгармачылыкка, билимге жол ачарын белгилешип, депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.