Мамлекеттин кампасында 19.1 миң тонна буудай бар

2023-жылдын 3-октябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 19.1 миң тонна буудайды сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес.

Мамлекеттик фонд мындан ары сатып алуу иштерин улантат.