Салык кызматынын лотереясынын катышуучулары 3 айда 7 млрд сомдук кассалык чекти сканерлешти

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы башталгандан берки 3 айдын ичинде катышуучулар "Салык чек" тиркемеси аркылуу 7 млрд сомдон ашык 5.6 млн кассалык чекти сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Бул мезгилде 45 миңден ашуун адам лотереяга жаңы кошулуп, бүгүнкү күндө катышуучулардын саны 283 миңден ашты.

Лотереянын катышуучуларына утушка катышуу үчүн 6.3 млн ашуун ID-номер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, кийинки утуштар 25-30-декабрда өтүп, анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.